• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры жана 15 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылында “Бак-Сарай” ресторанынын очокканасынын жалпы 360 чарчы метр чатыры, ички жасалгасы, 2 куб метр отун күйгөн жана 2 газ баллон жарылган. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында турак үйдүн короосунда жыйылган 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында жолдун боюнда “Жигули” үлгүсүндөгү жеңил унаанын бампери, 4 дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий