• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө аймагында сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Абдрахманов менен Карасаева көчөлөрүнүн кесилишинде “Ауди с4” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кыймылдаткыч жагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Желе-Дөбө айылында сарай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Коргон айылындагы турак үйдүн бастырмасында жыйылган 1,5 тонна чөп жана 4 даана пресстелген саман күйгөн. Өрт электр зымдардын кыска чагылышуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий