• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 154 адам коронавирустан айыкты - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 154 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 34, Чүй облусунда - 5, Ош облусунда – 47, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда – 27 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 137ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий