• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 155 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 155 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 38, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда - 7, Ош облусунда – 37, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 21, Жалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда – 21 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 302ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий