• 84.79
  • 96.61
  • 1.11

Кыргызстанда сутка ичинде 166 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 42 миң 619

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 166 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 38, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда - 21, Ош облусунда – 43, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 5, Баткен облусунда – 31 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 619га жетти.

Пикир

Оставить комментарий