• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 2, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 2.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Көк-Жар конушунда жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 200 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас шаарындагы “Солнышко” бала бакчасынын кампасында 2 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында “ВАЗ 2106” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ош шаарына караштуу Арек айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, аянты 38 чарчы метр болгон конок бөлмөсү жана кире бериш бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий