• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталды. Бир адам бутунан күйүк алган

Кырсык 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында жалпы аянты 5 чарчы метр болгон бир бөлмөлү турак үй толук күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган эркек киши бутунан күйүк алган. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби атайын өрттөө болгон.

Чүй облусунун Москва районундагы Спартак айылында жалпы аянты 25 чарчы метр болгон турак үй күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ташлак айылындагы Абидов көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 168 чарчы метр чатыры күйгөн. Кырсыктын кесепетинен Абидов көчөсүнүн №23 дарегинде жайгашкан мончонун жана сарайдын 600 чарчы метр чатыры, Абидов көчөсү №24 дарегиндеги турак үйдүн жыгач устундуу темир жабылган 12 чарчы метр чатыры, Юлдашхаит көчөсү №13 дарегиндеги жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 84 чарчы метр чатыры жана Юлдашхаит көчөсү №15 дарегиндеги турак үйдүн 15 чарчы метр темир жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн жалпы аянтты 880 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Тескей-Кожоке айылында жайгашкан турак үйдүн короосунда 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Талас облусундагы Манас районунун Талас айылындагы Мира көчөсү №27 дарегиндеги турак үйдүн короосунда 950 түк чөп жана жанаша жайгашкан Мира көчөсү №29 дарегиндеги турак үйдүн 55 чарчы метр бастырмасы жана 500 түк чөбү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий