• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 178 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 178 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 112, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 2, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда 11 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 826га жетти.

Пикир

Оставить комментарий