• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 18,4 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 18 миң 418 адам коронавируска каршы вакцина алса, анын ичинен 1 миң 777сине экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан боюнча жалпы 157 миң 563 адам эмдөөдөн өттү. Ал эми 88 миң 924ү вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

Бишкекте – 48 миң 740;
Ош шаарында – 13 миң 16;
Чүй облусунда – 24 миң 66;
Ош облусунда – 22 миң 756;
Ысык-Көл облусунда – 14 миң 87;
Талас облусунда – 5 миң 536;
Нарын облусунда – 5 миң 324;
Баткен облусунда – 5 миң 535;
Жалал-Абад облусунда – 18 миң 503 адам эмделди.

Пикир

Оставить комментарий