• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында турак үйдүн ичинде электр калканы жана электр зымдары күйгөн. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Михайловка дачасында ачык аянтта 28 сотык куураган чөп жана 2 ажаткана күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында ачык аянтта 400 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий