• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында дүкөндүн кампасында 4 дөңгөлөк, эски эмерек жана дүкөндүн жанында токтоп турган оор жүк ташуучу унаанын кабинасынын бир капталы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында жалпы аянты 8 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Эркин айылында эки кабаттуу шифер жабылган жалпы аянты 178 чарчы метр бастырма толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыналуусунан чыккан.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында жалпы аянты 246 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий