• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде эки адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-июль күнү Кемин районунун Нур айылындагы Чүй суусуна 12 жаштагы өспүрүм түшүп кеткен.

Жерине Кемин райондук жана Токмок шаардык куткаруучулар тартылган. Ошондой эле 7-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүүгө саат 06:00дө 5 куткаруучу, саат 07:00дө чек ара кызматынан 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 07:43тө өспүрүмдүн сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, 6-июлда саат 19:38де Токтогул районунун Бел-Алды айылындагы Борду-Кыя дарыясына 19 жаштагы жигит түшүп кеткен. Жерине келген куткаруучулар саат 20:45те маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий