• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту Бишкек шаарында бир жана Жалал-Абад облусунда бир медкызматкер жуктурган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 226 учур катталды, алардын ичинен 163 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 906га жетти. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий