• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 2 медкызматкерде коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 2 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында бир жана Жалал-Абад облусунда 1 медкызматкер коронавирус жуктурду.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 200 учур катталды, алардын ичинен 122 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 769га жетти. Алардын ичинен 200ү медицина кызматкери. Илдеттен 527 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий