• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 208 адам коронавируска кабылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус дагы 208 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 128, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 105 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 55, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 40, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болуп, каза болгондордун жалпы саны 1519 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 833 бейтап, амбулатордук түрдө 880 адам дарыланууда. 587 бейтаптын абалы орто оордукта, 193 адамдын абалы оор жана 27 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 299 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 226 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 19 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 824 киши айыгып чыкса, 1 миң 5169 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий