• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 208 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 208 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 32, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда - 20, Ош облусунда – 45, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 58, Баткен облусунда – 32 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 45 миң 288 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий