• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жыгач устундуу калай менен жабылган 200 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Шопоков шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 80 чарчы метр болгон убактылуу жашоочу жай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры, тунике менен жабылган бастырманын 72 чарчы метр чатыры жана 500 кг чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Бөрү-Баш айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянтты 60 чарчы метр бастырма жана үй тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий