• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 21 жаран коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 21 жаран коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жалпы 804 бейтап илдеттен айыкты.

"Бишкек шаарында 11, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 3 жана Нарын облусунда 3 жаран коронавирустан сакайды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 17-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 21 жаңы учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жуктуруунун 1138 учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий