• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Жалпы 604

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 11, Чүй облусунда 9, Ош шаарында 2 мекызматкер илдетке кабылды.

"Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3519 учур катталды. Алардын ичинен 604ү медицина кызматкери. Илдеттен 2054 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий