• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 5, Талас облусунда 1, Ош облусунда 7 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Арал айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол-Коргон айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган турак үйдүн 144 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Күмүш-Азиз айылында аянты 90 чарчы метр бастырма толугу менен, 120 түк чөп жана 20 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий