• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 225 адамдан коронавирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус дагы 225 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 117, Чүй облусунда – 82, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 173 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 108, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 51, Нарын облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1236 бейтап, амбулатордук түрдө 1224 адам дарыланууда. 850 бейтаптын абалы орто оордукта, 308 адамдын абалы оор жана 49 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 360 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 276 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 320 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 229 киши айыгып чыкса, 1 миң 557 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий