• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 227 адам коронавируска кабылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус дагы 227 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 141, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 124 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 81, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 8, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 2.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 932 бейтап, амбулатордук түрдө 1017 адам дарыланууда. 666 бейтаптын абалы орто оордукта, 213 адамдын абалы оор жана 33 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 311 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 241 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 152 киши айыгып чыкса, 1 миң 532 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий