• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 230 адам коронавируска кабылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус дагы 230 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 131, Чүй облусунда – 70, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 4, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 130 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 87, Ош облусунда – 3, Чүй облусунда – 31, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1070 бейтап, амбулатордук түрдө 1173 адам дарыланууда. 757 бейтаптын абалы орто оордукта, 248 адамдын абалы оор жана 35 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 341 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 258 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 621 киши айыгып чыкса, 1 миң 544 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий