• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 240 адам коронавируска кабылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус дагы 240 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 133, Чүй облусунда – 85, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 10, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 161 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 118, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда 8, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 968 бейтап, амбулатордук түрдө 1058 адам дарыланууда. 675 бейтаптын абалы орто оордукта, 228 адамдын абалы оор жана 40 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 326 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 247 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 839 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 313 киши айыгып чыкса, 1 миң 534 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий