• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 26 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 26 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 33 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Ал эми Чүй облусунун Жайыл районунун Борбордук көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Ошондой эле Токмок шаарынын Жеңиш көчөсүндө жыгач устунду шифер жабылган турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Калган учурларда кууруган чөп өрттөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий