• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 261 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 261 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 134, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 6, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 26, Баткен облусунда 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 459га жетти.

Пикир

Оставить комментарий