• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 289 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 289 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 106, Ош шаарында – 20, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 40, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 36 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 35 миң 486га жетти.

Пикир

Оставить комментарий