• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Нарын шаарында бир медкызматкер илдетке кабылды.

"Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350гө жетти. Алардын ичинен 273ү медицина кызматкери. Илдеттен 949 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий