• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде бейтапканалардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. "Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 251 учур катталды, алардын ичинен 204 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1138ге жетти. Алардын ичинен 251и медицина кызматкери. Илдеттен 804 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий