• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкерден коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 3 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 198 учур катталды, алардын ичинен 114 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 1-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий