• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 312 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 35 197

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 312 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 102, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 27, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда – 40, Баткен облусунда 19 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 35 миң 197ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий