• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 32 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 32 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек шаарында 11, Чүй облусунда 9, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 5 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1097 учур катталды, алардын ичинен 500 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирус жуктурган 283 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7377ни түзөт. Алардын ичинен 2802 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 88 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий