• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 341 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 23.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 341 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 120, Ош шаарында – 42, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда – 26, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда 29 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 36 миң 397ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий