• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 38 адамда коронавирус табылды. Жалпы 1082

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 14-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 82 адамга жетти.

"Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 адамда коронавирус табылган. Нарында дагы 15 жаңы учур катталгандыгын мага азыр кабарлашты. Бул боюнча да тактап, толук маалымат беребиз", - деп баса белгиледи ал.

Жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында - 14, Чүй облусунда - 4, алардын ичинен 2 учур Соль-Илецктен келгендерден чыккан, Ош шаарында - 1 учур, Жалал-Абад облусунда - 4 учур жана Нарын облусунда - 15 учур бар.

Пикир

Оставить комментарий