• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 493 бейтап пневмониядан айыкса, 954 адамдан оору аныкталган

Ден соолук 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 493 бейтап пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, жалпы ооруканадан тышкары пневмониядан 3415 адам айыгып чыккан. "Сутка ичинде пневмония оорусу 954 адамдан аныкталган. Өлкө боюнча жалпы ооруканадан тышкары пневмонияга 9 миң 204 адам чалдыккан", - деди Акматова.

Пикир

Оставить комментарий