• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 541 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 31 миң 822

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 541 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 67 киши, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 96, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 83, Жалал-Абад облусунда – 81, Баткен облусунда 22 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 31 миң 822ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий