• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 589 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 30 миң 99

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 589 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 104 киши, Ош шаарында – 55, Чүй облусунда – 84, Ош облусунда – 98, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 76, Жалал-Абад облусунда – 68, Баткен облусунда 62 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 30 миң 99га жетти.

Пикир

Оставить комментарий