• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында бир жана Нарын облусунда 3 медкызматкер илдетке кабылды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 378 учур катталды, алардын ичинен 272 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 5-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1936 учур катталды. Алардын ичинен 378и медицина кызматкери. Илдеттен 1340 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 22 адам каза (+2 учур бүгүн катталды) болду.

Пикир

Оставить комментарий