• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 63 адам коронавируска кабылып, 4 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 63 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 31 адамдан, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 18, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 48 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 18, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда – 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте - 1, Чүй облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 1 адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 312 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 1 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 755 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 766 киши айыгып чыкса, 1 миң 480 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий