• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 653 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 653 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 167 киши, Ош шаарында – 29, Чүй облусунда – 201, Ош облусунда – 77, Талас облусунда – 42, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 69, Жалал-Абад облусунда – 40, Баткен облусунда 21 бейтап коронавирустан айыкты.

Акматова белгилегендей, кечээ ооруканадан айыгып чыккандардын ичинде 101 жаштагы карыя жана 80 жаштагы адам бар.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 27 миң 927ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий