• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 7 адамда коронавирус табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 13-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган жаңы 7 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 44 адамга жетти.

"Бир сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1 миң 421 лабораториялык анализ жүргүзүлүп, анын ичинен 7 адамда коронавирус аныкталды. Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 1 жана Чүй облусунда - 5 учур бар", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий