• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 4, Нарын облусунда 3 медкызматкер коронавируска кабылды. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 287 учур катталды, алардын ичинен 237 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 26-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1468 учур катталды. Алардын ичинен 287си медицина кызматкери. Илдеттен 1015 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий