• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда сутка ичинде 7 медкызматкерде коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 7 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2 медкызматкер илдетке кабылган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ке жетти. Алардын ичинен 207си медицина кызматкери. Илдеттен 564 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий