• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 73 адам коронавируска кабылып, бирөө каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 23 адамдан, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 15, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 15, Баткен облусунда – 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 337 бейтап, амбулатордук түрдө 307 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 924 киши айыгып чыкса, 1 миң 484 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий