• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 78 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 78 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус жуктурган 450 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8141ди түзөт. Алардын ичинен 2916 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуккан 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий