• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 816 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 28 миң 743

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 816 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 217 киши, Ош шаарында – 39, Чүй облусунда – 93, Ош облусунда – 56, Талас облусунда – 64, Нарын облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 110, Жалал-Абад облусунда – 158, Баткен облусунда 59 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 28 миң 743кө жетти.

Пикир

Оставить комментарий