• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда суткан ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ош шаары 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кен-Сай айылында турак үйдүн 20 чарчы метр ашкана бөлмөсү, ашкана эмереги, аристон, муздаткыч, газ баллон күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында жалпы аянты 24 чарчы метр болгон жыгач устундуу тунуке менен жабылган бастырма жана жумшак эмерек, 2 кир жуугуч машина, 8 килем толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий