• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Эски-Оочу айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 102 чарчы метр чатыры, 75 түк чөп, 3 уй, 6 кой, 1 эчки жана 1 куб отун күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ош облусунун Өзгөн шаарында жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 195 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Алай районундагы Арпа-Тектир айылында короодо 5 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий