• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында дүкөндүн 65 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи районунда көп кабаттуу турак үйдүн батиринде өрт чыккан. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий