• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Шагым айылында жалпы аянты 144 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрт жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында турак үйдүн короосунда жыйылган 550 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында жаңы курулуп жаткан турак үйдүн ичинде 150 түк чөп жана 2 устун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий